Мирослав Ниязов: Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяга Атамбаев күнөөлүү

Кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяга президент Алмазбек Атамбаев түздөн-түз күнөөлүү. Мындай пикирин коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов "ВБ"га маек берип жатып айтты.

"ВБ" мурдараак билдиргендей Кыргызстан менен Өзбекстандык чек арачылары атышып кетип, бир адам каза болгон.

Инциденттен кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу болуп, бирок, Өзбекстан андан кийин эле Кыргызстанды ок чыгарууга шыкакчы болгон деп күнөөлөгөн. Бирок, бир күн өтпөй Кыргызстан болгон чыр-чатакка кошуна мамлекет күнөөлүү деп билдирген.

Ниязовдун айтымында, чырдын чыгыш себептери мамлекеттик чек араларды делимитациялоонун чечилбеген маселелери. "Биздин бийлик бул маселени чечмейин, бул райондо чыңалуу кала берет",-дейт ал.

Кыргызстандын жетекчилиги чек аралардын делимитация маселесин чечпегендиктен мындай чыр-чатактар чек арага жакын аймактарда мезгил-мезгили чыгууда. "Жер талаштан башка суу-жер маселелери да көйгөйлүү региондордун абалын ого бетер курчутат",-деп белгиледи коопсуздук кызматынын экс-катчысы Ниязов.

Мындай учурда мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин 20 жылдан бери чечпей келе жаткан КРдин бийлик органдарынын позициясы таңгалдырат. "Бийлик бул көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилип калат деп отурат. Ошон үчүн эч качан чечилбей келе жатат. Бийликтин кайдыгерлигинен киши өлүп жатат ",-деп баса белгиледи Ниязов.

Мындан сырткары Конституция боюнча кишинин тынч жашоо жана ден соолугу үчүн дал ошол президент Атамбаев кепилдик берет. Андыктан, Ниязовдун пикиринде, чек арадагы каза болгондордун жоопкерчилиги президенттин мойнунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД