Мыкты бүтүрүүчүлөр окуу жайлардан жеңилдик талап кылышууда

Быйыл мектепти артыкчылык менен аяктай турган бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлигинен алар тапшыра турган жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жеңилдик алып берүүсүн суранышууда. Бирок, аталган ведомство мындай нерсе окууга кабыл алуунун эрежелерине каршы келерин билдирди.

"Жалпы билим боюнча өзгөчө аттестат ала турган бүтүрүүчүлөр предметтер боюнча мамлекеттик жыйынтык аттестациядан бошотулат. Жалаң бешке бүткөн абитуриентке бир орунга бир нече киши катышып жатса артыкчылык берилет. Бирок, ал кадимкидей эле Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү жана сертификаты болушу керек. Андан сырткары ЖОЖдор артыкчылык кылган абитуриенттерге бонус берүүгө милдеттүү эмес, министрлик да бул нерсени талап кылууга акылуу эмес. Бирок, кээ бир ЖОЖдордо мындай практика кездешет", - дешти Билим берүү жана илим министрлигинен "ВБ"га.

Эске сала кетсек, өзгөчө үлгүдөгү аттестатка талапкер болуп жаткан эки миң баланын ичинен 241 окуучу билим көрсөтө алды. Алардын 67си он биринчи класстын, калганы тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД