Казак укук коргоочусу Алмазбек Атамбаевден баш паанек сурады

Казак укук коргоочусу Александр Осадченко президент Алмаз Атамбаевден саясий баш паанек сурады. Бул туурасында басма сөз жыйынында Александр Осадченконун расмий өкүлү Ксения Филимонова билдирди.

Эскерте кетсек, казакстандык укук коргоочусу Александр Осадченко Кыргызстанда кармалып, Казакстанга экстрадицияланат деген шарт менен 1-тергөө абагына 2 айга отургузулган. Бирок, Осадченконун тарапкерлери муну мыйзамсыз деп жатышат.

Мындан бир аз мурдараак Осадченконун адвокаты Елена Ткачева ЖМКларга "Ал Карагандынын Приозёрск шаарынын укук коргоочусу" экендигин айткан эле. Анын айтымында, Осадченко кезегинде Приозёрск шаарынын полициясынын башчысы менен эки прокурорду отставкага кетирип, Балхаш көлүнө курорттун курулушуна тыюу салууга жетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД