23 жашар балбан Расул Акымбаев көлдө машыгууда жүрүп, каза болду

Эркин күрөш боюнча балбан, 23 жаштагы Расул Акымбаев көлдө машыгууда жүрүп каза болду. Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучу Анарбек Усенканов "Дүйшөмбү күнү эртең менен эле ойгонбой калды",- деп билдирди.

"Бизде эртең менен ар күнү машыгуулар болот. Жумакүнү жаш спортчулар менен иштеген, андан кийин үйүнө барып келгенден кийин, чуркагандан башка эч кандай машыгууларды өткөргөн эмес",-деди.

Маалыматтарга караганда, бул машыгууларга Лондон олимпиадасынына лизенция алган, 96 кг. салмакка чейинки категорияда 12-августта күрөшө турган Магомед Мусаев да катышкан. Ал Лондонго 7-августта учуп кетет.

"Учурда М.Мусаев оюндарга даярдыктын акыркы этабын өтүп жатат. Ар бир күнү эртең менен жарым саат чуркап келебиз, аны менен учурда 74-84 кг. салмактагы 8 спортчу иштеп жатат. Анын ичинде Расул Акымбаев да бар болчу. Бирок, М.Мусаев эч ким менен жарышпайт, болгону машыгат. Беркилер ага болгону спарринг-өнөктөш катары жардам берип турушат. Бир күн ичинде Мусаев спарринг-өнөктөштөр менен болгону 2-3 мүнөттөн иштейт. Мелдештин алдында ага көп күч келтирүүгө болбойт, таймашка аны акырындап жеткириш керек",-деп белгиледи машыктыруучу.

Машыктыруучунун айтканына караганда, Акымбаев акыркы учурларда Эмгек резервинде машыктыруучу болгон, спорттун чебери. "Эртең менен анын каза болуп калганын көргөндө, "Тез жардам", дарыгерлерди чакырдык, бирок, эч нерсе кыла алышкан жок. Аялына жүлүнүн кокустатып алып, шаарга алып бара жатабыз деп чалышты. Телефондон түз айта алышкан жок",- деп айтып берди машыктыруучу.

Расул Акымбаев Кыргызстанда эркин күрөш боюнча спорттун чебери, Кыргызстанда өткөн VI спартакиаданын жеңүүчүсү, Кожомкул атындагы эл аралык турнирдин күмүш жана коло байгелеринин ээси болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД