Өкмөт укуктардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жаштар кыймылын түзөт

Кырызстанда кийинки жумада кыргызстандыктардын укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн коомдук кыймыл түзүлөт. Бул туурасында бүгүн, 2-августта өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов ишкерлер менен жолугушуп жатып айтты.

Анын айтымында, бул жаштар кыймылы болот. Буга каалоосу барлар мүчө боло алышат.

Кыймылдын башкы максаты – кыргызстандыктардын жашоосунда, ошондой эле мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу органдарында болуп жаткан адилетсиздик фактыларды табуу. Өкмөт кезегинде көйгөйлөрдү чечмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД