Түштүк магистралдын курулушу 2013-жылы бүтөт

Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль 2013-жылы жасалып бүтөт. Бул өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов менен Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун борбордук көчөлөрдү кыдырып жүргөндө айтылды.

Быйыл Түштүк магистралдын курулушу улантылат. Мурдараак, ал түркиялык кредиттин каражатына курулары маалымдалган.

Долбоорго Аалы Токомбаев атындагы көчөнү оңдоп-түздөө жана Аламүдүн дарыясы аркылуу өткөн көпүрө куруу иштери кирди. Акча кеч түшкөндүктөн, быйыл долбоорду аяктай алышпайт бирок, келерки жылдын күз айларына чейин жасап бүтүшөт. Түштүк магистралга түштүк жагынан Ден Сяопин проспектисинен кирүүгө болот, андан ары "Ак-Ордо" жана "Ак-Өргө" жаңы конуштары аркылуу уланып кетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД