Эртең менен Ахунбаев көчөсүндө ири автокырсык болду

Эртең менен Ахунбаев көчөсүндө катуу автокырсык болду. Бул туурасында аны көргөндөр билдиришти.

Версиялардын биринде кагылышкан автоунаалардын биринин ээси катуу келе жаткандыктан, рулду башкара албай калган. Ал күү менен каршы тарабына учуп келип, жолдун четиндеги башка автоунаага кагылышкан. Катуу келип тийгендиктен, ал такси жүргүнчүлөрү менен бир нече метр учуп барып тротуарга түшүп, андан кийин аласалып кеткен.

Кырсык болгон жерге "Тез жардам", Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы жана борбодук куткаруучулар ыкчым түрдө келишти. Таксидегилердин бири оор жаракат алгандыктан, медиктер абалын оор экенин айтышты.

Такталбаган маалыматтарга караганда, жол кырсыгынын себепкери болгон автоунаанын ээси мас болгон дешүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД