Олимпиада-2012: Бүгүн татамиге Юрий Краковецкий чыгат

Бүгүн, 3-августта Лондондогу Олимпиада оюндарынын жетинчи күн башталды. Анда дзюдо, жаадан атуу, жеңил атлетика, бадминтон, фехтование жана бир нече дагы башка оюндар боюнча 23 медаль ойнотулат.

Кыргызстандан бүгүн оор салмактагыЮрий Краковецкий жана яхта спорту боюнча Илья Игнатьев чыгат.

Юрий Краковецкий татамиге 100 кг. өйдө салмактагы категорияда каршылашы румыниялык Владута Симонеску менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 14. 37 да болот.

Эске сала кетсек, Олимпиадага Кыргызстандан эки дзюдочу-спортчу жолдомо алган. Алардын биринчиси - таймашта япондук спортчуга жеңилип, оюндан чыккан Чыңгыз Мамедов эле.

Мындан сырткары парус спорту боюнча барган Илья Игнатьев бүгүн 7-8-жарышын өткөрөт. Белгилей кетсек, Кыргызстанды спорттун бул түрү боюнча Олимпиада оюндарына алгачкы ирет катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД