Бир жумада ун 4 сомго кымбаттаган

25-июлдан 1-августка чейин Бишкекте жана республиканын түндүк аймактарында ундун баасы 1-4 сомго кымбаттап кеткен. Бул туурасында Экономика жана антимонополиялык саясат министрлигинин күйүүчү жана майлоочу май менен азык-түлүктүн базардагы орточо баасы боюнча жүргүзгөн анализинде көрсөтүлгөн.

Борбордун базарларында жогорку сорттогу ун 28 сомдон 32 сомго чейин, I сорт ун 25тен 27ге чейин көтөрүлгөн.

Казакстандын жогорку сорттогу уну 29-30дан 32-39 сомго, I сорт уну 25-27ден 26-28 сомго чейин кымбаттаган.

Дүңүнөн саткандардын баасы дээрлик өзгөргөн эмес. Өткөн жума ичинде өлкөдөгү ири үч ун компанияларынын бири "Яшар" 1,2 сомго кымбаттаган. Ал эми "Акун" менен "Эльнур" ун комбинаттары бааны көтөргөн эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД