Менчик окуу жайлар лицензияларды чакырып алууга тынчсызданууда

Бүгүн, 3-августта вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова менчик жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат саясаты боюнча бөлүмү билдирди.

Алар жолугушууда Билим берүү жана илим министрлигинин бир катар менчик жогорку окуу жайлардын статусун өзгөртүп, лицензияларын чакырып алуу боюнча сунушуна тынчсызданып жатышкандыгын билдиришти.

КРдин вице-премьер–министри бул маселенин маанилүү экендигин, өлкөдөгү жеке менчик окуу жайларды колдоо зарылдыгын айтты.

"Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жеке менчик окуу жайлар мамлекеттин колдоосуна муктаж. Менчик окуу жайлардын берген билиминин сапаты Кыргызстандын калкынын билим берүү, маданий, социалдык деңгээлинин өнүгүшүнө жана ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартууга түздөн-түз таасирин тийгизет. Бирок, жогорку окуу жайынын статсуну аныктаган критерийлер бар, алар сөзсүз түрдө сакталышы керек",-деди Асымбекова.

Вице-премьер-министр бул маселе көзөмөлдө болуп, жакынкы арада менчик окуу жайлардын өкүлдөрү жана буга кызыкдар болгон тараптар менен жолугушуу уюштуруларын айтты. Анда бардык жактардын пикири эске алынып, бул жагдайды чечүү жолу караларын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД