Жогорку соттун судьялыгына 32 талапкер сунушталды

10-августта Кыргызы Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлерди тандап алуу конкурсунун үчүнчү туру болуп өттү. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө 66 талапкер өткөрүлгөн.

Ар бир талапкерге аты жазылган бюллетендер таратылып берилген. Кеңештин ар мүчөсүндө өзүнүн добушун эң көп дегенде 35 талапкерге берүү укугу болгон. Добуш берүүгө Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсү толук катышты. Ал эми тигил же бул талапкерди жыйында карап жатканда катышпай калган мүчөлөр алар боюнча добушун берген жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсеп комиссиясы чыгарды. 13төн ашык добуш алган талапкерлер КРдин Жогорку сотунун судьялыгына сунушталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД