Мусаев эркин күрөш боюнча Олимпиадада 7-орунду алды

Кыргызстандан барган спортчу Магомед Мусаев Эркин күрөш боюнча Лондон Олимпиадасында 7-орунду алды.

Олимпиаданын расмий сайты билдиргендей, баштапкы беттешүүдө Магомед Мусаев түрк атаандашы Шерхад Балжынын 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыккан. Чейрек финалга чыгуу күрөшүндө да жапон балбаны Такао Исукаваны жеңген. Ал эми чейрек финалдын өзүндө Ирандык Реза Мохаммед Али Йадзаниге утулуп, таймаштан чыгып калды.

Ошентип, Магомед Мусаев 97 кг. салмакка чейинки 19 балбандын арасынан 7-орунга чыгып, Кыргызстандан барган спортчулардын ичинен эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД