Турсунбай Бакир уулу: Милиционерлер баламды сабап, акчасын тартып алышты

"Кызыл-Кыя ШИИБинин милиция кызматкерлери Баткен облпрокуратурасынын ага тергөөчүсү, балам Каныбек Бакировду сабап, 11-августтан 12-августка караган түнү жанындагы 11 миң долларын уурдап алышты",-деп билдирди "ВБ"га бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Маектештин айтмында, милиционерлерге карата кылмыш иши козголду.

Жекшембиде саат таңкы 4.30 Т.Бакир уулунун баласы телефон чалып, М.Айбашев, К. Эгамбердиев, кылмыш иликтөө боюнча кызматкерлер Ф. Тургунбаев, У. Тажибулаев жана дагы 10 чакты милиция кызматкерлери катуу сабап салгандыгын билдирген.

"Баламды Ошко баратканда жарым жолдо ШИИБнин кызматкерлери токтотушуп, унаа издөөдө жүрөт деп билдиришкен. Тинтүү жүргүзгөндөн кийин акчасын алышып, аны сабап башташкан. К.Бакиров менин балам экендигин билгенден кийин, алар бул окуяны жаап-жашырып коюуну суранышкан", - дейт Т.Бакир уулу.

Депутат баласынын окуясын уккандан кийин ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге телефон чалып, эмне болгондугун айтып берген. "Ал эки сааттан кийин кайра чал деп, андан кийинки телефондорума жооп бербеди",-деп билдирген Т.Бакир уулу.

Милиционерлер окуядан кийин кечирим сурашкан, бирок, Каныбек Бакиров мунун баарын укуктук негизде чечүү ниетинде. Автоунаадан алынган акчаларды милиционерлер кайтарып берген эмес. Депутататтын айтымында, баласы жакында эле автоунаасын саткандыктан, жанында ири суммадагы акча жүргөн. Турусунбай Бакир уулу баласынын өтүнүчү боюнча кандайдыр бир аракеттерди жасоого ниеттенбегендигин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД