Жогорку соттун азыркы судьяларынын үчтөн экиси жаңы курамга сунушталган жок

Жогорку соттун азыркы судьяларынын үчтөн экиси Сотторду тандоо кеңеши тарабынан жаңы курамга сунушталган жок. Бул туурасында брифингде Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди.

Конкурстук тандап алуунун жыйынтыгында Кеңеш тарабынан 32 талапкер сунушталган, алардын 11и азыркы тапта Жогорку сотто иштеп жаткан судьялар, бардык орундар 35. Учурда 3 орун калды.

Жогорку Сотко талапкерлерди тандоонун кезектеги туру президент Алмазбек Атамбаев тарабынан каралат. Майчиевдин айтымында, августтун 20ларында президентке сунушталган талапкерлердин тизмеси берилет. Он күн ичинде мамлекет башчысы талапкерлерди же кубатташы, же өткөрбөй кайра кайтарып бериши керек.

Эгерде кайрадан артка кайтарылса, Кеңеш аны карап чыгуу графигин бекитет да, үчтөн эки бөлүгү менен көрсөтүлгөн каршылыкты жоёт же калтырат. Андан кийин талапкерлерлин тизмеси Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. 14 күндүн ичинде парламент тизмени карап чыгып, акыркы чечимди кабыл алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД