Депутат: Өмүрбек Бабанов асыл тукум аргымак пара алган

ЖКнын бүгүнкү кезексиз жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев премьер-министр Өмүрбек Бабановду "Манас" аэропортунун мунарасын куруу боюнча 12 млн. долларлык тендерге катышкан компаниядан пара катары аргымак алды деген күнөө койду.

Сапарбаев 2012-жылдын башында "Манас" жүк ташуучу борбору "Манас" аэропортун реконструкциялоо жана жакшыртууга 30 млн. доллар бергенин, мамлекеттик органдар анын 12 млн. долларын аталган аба майдандын жаңы тилкеси үчүн 36 метрлик аэронавиягациялык мунара курууга бөлгөндүгүн эске салды.

Анын айтымында, авиация кызматы мындай баасы кымбат курулушка макул эместигин билдирген, себеби, баалар жогору коюлган, андан сырткары мунаранын азырынча зарылдыгы деле жок.

"Чындап эсептей келгенде, мунара курууга 15 миң доллар кетмек. Тендерди "Хунгар холдинг" жана "Серта" компаниясынын ээси, түрк бизнесмени Хунгар Адали аттуу адам утуп алган. Транспорт министрлигинин каршы болгондугуна карабай, анын жерпайы түптөлдү. Бул курулушту ким канатына калкалап жатат? Эмнеге өзүм билемдик кылышууда?

Жазында баалуу жүк - англис асыл тукум аргымакты салган борт учуп келген. Аны жөнөткөн жана тосуп алган түрк бизнесмени Хунгар Адали болгон. Мен бул жылкы – коррупциялык схеманын бир бөлүгү болгондугун, аны Адали Хунгара мунараны курууга жарыяланган тендерди компаниясы утуп алгандыгы үчүн белек болгондугунан күмөн санабайм",-деди депутат Жоомарт Сапарбаев.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов бул фактыны тастыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД