Ирандагы зилзалада Кыргызстандын атуулдары жапа чеккен жок

Иран Ислам Республикасынын түндүк-батышында 11-августта 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Акыркы маалыматтарга караганда, жаратылыштын бул апаатынан 306 адам көз жуумп, 3 миңден ашууну жарадар болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, зилзаладан жабыр тарткандардын арасында Кыргыз Республикасынын (КР) жарандары жок. КРдин тышкы иштер министрлиги абалга көз салууну улантууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД