Казакстанда кулчулукта калган КРдин 8 жараны кайтарылды

10-августта Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери Казакстандагы Эл аралык Миграция уюмунун каржылоосунун жана Казакстандын тартип коргоо органдарынын көмөгү менен кыргызстандык 8 жаранды кайтарып келишти. Алардын баары Алматы областынын айылдарынын биринде бекер кара күч катары кармалып турган. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынан билдиришти.

Башкы консулдук маалыматы боюнча, Алматы областынын Каскелен айылынан КРдин 12 жараны табылса, алардын бешөөсү жашы жете элек балдар болсо, эң кичүүсү 2012-жылы төрөлгөн ымыркай экени аныкталды.

Табылгандардын денесин карап чыкканда, бир катарларынын жабыр тарткандыгы байкалып, ал кагазга түшүрүлдү. Мындай абалга байланыштуу алардын төртөө иликтөө иштери бүтмөйүн Алматыда болуп турушат.

Жабыр тарткандардын айтымында, Алматы областындагы кыш заводунун өкүлү аларга айына 20 миң теңгелик айлык төлөгөн жумуш сунуштаган. Кыргызстан жарандары Токмоктогу кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз, документсиз өткөрүлүп кеткен. Айтылган жерге келгенден кийин эмгек мигранттар Казакстан жарадары тарабынан ур-токмокко алынып, акысыз, күчтөп жумушка салынган деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД