Бишкектин борборунда жана Чүй областында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 14-августта, саат 9дан 17ге чейин Бишкектеги №385 подстанциянын ремонтуна байланыштуу Манас, Чүй проспектилеринде, Киев көчөсүндө электр жарыгы болбойт. Бул туурасында "Түндүкэлектро" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

14-жана15-августта саат 8ден 17ге чейин Аламүдүн районунун Арчалы жана Байтик айылдарында, саат 11ден 17ге чейин Аламүдүн айылында (Чекиш-Атадан айланма жолго чейин) да электр жарыгы болбойт. Бул өчүрүүлөр кезектеги ремонт, өткөргүчтөрдү алмаштыруу иштерине байланыштуу болууда.

"Берлик" подстанциясындагы Чүй жогорку вольттуу электр тармактарындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Аламүдүн районундагы Васильевка айылында 14-августта эртең мененки сегизден кечки саат жетиге чейин электр жарыгы берилбейт.

Аталган ААКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте 14-19-август арасында Молодогвардейская, Ленинградская, Тоголок Молдо, Логвиненко Фрунзе, Жибек Жолу көчөлөрү, Манас проспектисинин аймактарында электр кубаты алсызыраак болушу мүмкүн. Бул да электр жабдууларын алмаштыруу иштерине байланыштуу болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД