Казакпаев: Атамбаевди Бабановду премьерликке ылайык эместигине ынандырышты

Президент Алмаз Атамбаевди Өмүрбек Бабановдун премьердик ролго ылайык эместигине ынандырышты. Мындай пикирин саясат таануучу Марат Казакпаев бүгүн, 14-августта "ВБ"га маек берип жатып айтты.

Кечээ КСДПнын саясий кеңеши өзүнүн отурумунда аткаруу бийлигине ишеним көрсөтпөө боюнча демилгени колдоду. КСДП фракциясы кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин кубаттаган чечим кабыл алды. Отурум жабык эшик артында өттү. Ошондой эле анын алдында "Ар-Намыс" фракциясы да толук курамы менен өкмөттүн отставкасы үчүн добуш берген.

КСДП фракциясы өкмөттүн отставкасын 15-августта карайт.

Казакпаевдин айтуусунда, социал-демократтар реалдуу экономикалык көрсөткүчтөрдөн улам, 15-августта Өмүрбек Бабановго каршы чыгып сүйлөшөт, ал арада "Ата Мекен" бир нечелеген компроматтарга таянып, ишеним көрсөтпөө демилесин колдоп чыгат.

"КСДП экономикалык жыйынтыктарга карап туруп, өкмөттүн ишине олуттуу көз караш менен баа берет. Ошондуктан, алар алгач саясий кеңешти топтоду, эми 15-августта гана бул маселени фракция ичинде чечет. Алар Бабановдун "шарапатынан" улам экономикада дефолт башбактап турганын көрүп турушат",-деп түшүндүрдү эксперт.

Ошол эле учурда саясат таануучу "Ата Мекендин" компроматынын да негизи бар экендигин айтты.

"Мисалы, Кореяга барган иш сапарды эле алалычы. Эгерде жеке сапар болсо, анда эмнеге өкмөттүк учакты минип барат. Чын эле Бабановдо да бар",-деп эсептеген Казакпаев, президент Атамбаев эми өкмөт башчыны жактап, коргобой турган өңдөнүп калды деп билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД