Президент "КРдин Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 29-июнда кабыл алынган "КРдин Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Мыйзам укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, түзүү максатын жана мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүн аныктайт.

Түзүлгөн институттун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты диверсификация жана инвестициялык ишмердүүлүктүн аркасы менен экономиканын өнүгүшүнө көмөкчү болуу. Буга ири улуттук долбоорлорго ылайыктуу коммерциялык шарттарда да инвестиция тартуу кирет.

Эске сала кетсек, ушундай максаттар апрель окуялары учурунда №1 декрет менен жоюлуп кеткен КРдин өнүктүрүү фондунда да жазылган эле.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ээлик түрү – ачык акционердик коом, маммүлктү башкаруу Фонддун жүзү менен боюнча акционер КРдин өкмөтү болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД