Өмүрбек Бабанов: "Бул менин биринчи да, акыркы да күлүгүм эмес"

"Мен жылкыны өтө жакшы көрөм. Islander One менин биринчи да, акыркы да аргымагым эмес",-деди бүгүн, 14-августта премьер-министр Өмүрбек Бабанов түрк ишкери өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өкмөт башчысына пара катары мыкты аргымак тартуулаган деген сөздөрдүн айланасындагы суроолорго жооп берип жатып.

Эске сала кетсек, "Ата Мекен" фракциясы ишкер Хунгар Адали Бабановго "Манас" аэпорортуна мунара куруу боюнча тендерди утуп алуу үчүн аргымакты белек кылыптыр деген билдирүү жасаган. Бабанов ал асыл тукум жылкыны 20 миң долларга сатып алдым деп жооп берди.

Өкмөт башчысы, кумар оюндарына берилип кеткенге караганда, аргымак сатып алган алда канча жакшы көрүнүш деп эсептээрин айтты.

"Мен күлүктөрүмдү жарышка салам. Жылкы кармоо кыргыздардын байыртадан келе жаткан салтынын бири. 2012-жылдын апрелинде жарышта Islander One да катышып, бутун аксатып алгандан кийин, Адали мага атты сатып алууну сунуштады",-деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД