Шувалов: Путин Москвага макулдашылган чечим менен кайтууну тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-августта Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Игорь Шувалов жетектеген делагацияны кабыл алды.

Жолугушууга кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельянинов, РФтин энергетика министри Александр Новак, коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Андрей Денисов жана Россиянын ири энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Анда экономикалык, энергетикалык, аскерий-техникалык кызматташуу талкууланды.

Игорь Шувалов Кыргызстанга РФ президенти Владимир Путиндин тапшымасы менен келгендигин айтты. "Москвага биздин кызматташтыктын жаңы барактарын ача турган же биргелешкен башкы келишимдин негизинде каралган, же бир нече биргелешекен келишимдин негизинде каралган бекитилген чечим менен келишибизге тапшырма берилген",-деп айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД