Бабанов: "Ата Мекен" "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси дайындалбаган үчүн жинденди

"Ата Мекен" фракциясы Өмүрбек Бабанов партиянын өкүлүн "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси дайындоодон баш тарткандыгы үчүн өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгууда. Бул жөнүндө премьер-министр өкмөттүн бүгүнкү, 14-августтагы жыйынында айтты.

Ал өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Кыргызнефтегаздын" башкы директорлугуна партия лидери сунуштаган Каныбек Масировду дайындабай койгондугун үчүн алып чыккандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Текебаев Бабанов аталган компаниянын жетекчилигине өзүнүн кадрларын коюуга аракет кылып жатат деп айткан.

"Кептин баары ушул жерде. Ишеним көрсөтпөө демилгесин мага демектен, он жолу алып чыксын, бирок, финполиция күнөөлөп жаткан ууруну бул кызматка эч качан койбойм",-деди Бабанов.

Андан сырткары, 7-апрелден кийин эле кымбат баалуу Жип унааларын минип, айлыгы 20-30 миң сомдон кем эмес жан сакчылардын кайтаруусунда жүрүп калгандыктан Текебаевдин кирешелери шек туудуруп жаткандыгын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД