Инфекционисттер геппатит менен ооругандар көбөйүп жатканынын эскертүүдө

"Жайдын соңу жана күздүн башталышы геппатитке чалдыккандардын көп болушу менен коштолот",-деп билдирди Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын (РКИО) башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Анын айтымында, жайкы эс алуулардан, каникулдан кийин бардыгы иш орундарына кайтып келишет. "Жайкы аптап, ар кыл жерлерге баргандар айыл менен шаарларга кайтып келгенде инфекциялардын бири-бирине өтүшүнө шарт түзөт",-деп эскертти башкы врач.

Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда РКИОдо "гепатит" диагнозу менен 88 киши дарыланып жаткандыгын, ооруларга негизинен 40 орун эсептелгенин, алардын көбөйүшү демек, оору башталган маалдан кабар берерин билдирди.

Администрация илдетке чалдыккандарга ооруканалар өз учурунда жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшарын билдирди.

Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери калкты инфекциянын жугушунун алдын алган жөнөкөй гигиеналык эрежелерди жана профилактикалык иш чараларды сактоого чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД