Дан Кыргызстанга былтыркыга караганда 60-70%га көп ташылып келди

Бажы статистикасына таянсак, июнга чейин Кыргызстанга 262 миң тонна дан эгини ташылып келди, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 60-70%га көптүк кылат. Мындай маалыматты "ВБ"га Экономика жана антимонополия саясаты министрлигинин Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору Данил Ибраев билдирди.

"Антимонополияда иштегендер атаандаштык чөйрөсүнө кийлигише албайт, бирок, аталган статистикадагы импорт боюнча канча дан келгендигин эсептеп чыкса болот. Аграчыларга стимул бериш керек. Эгерде 500 миң гектардан түшүмдүүлүк 30-40 центнерге жетсе, Кыргызстан өзүн эгин менен толук камсыз кылып кете алат. Мендеги маалыматтар боюнча, быйыл дан эгиндеринен 800 миң тонна түшүм алуу пландалган. Бирок, азыр 590 миң тонна деп айтып жатышат",-деп түшүндүрдү Д.Ибраев

Анын айтымында, фермерлер ар бир гектардан 8-15 центнерден түшүм алышат.

"Бул өтө төмөнкү көрсөткүч. Мисалы, Өзбекстанда 50 центнерден алышат. Айтмакчы, дан эгиндери себилген аянттар боюнча Айыл чарба министрлиги берген маалыматтар менен салыштырылып текшерилет. Албетте, кыйынчылыктар бар. Үлүш жерлер бөлүнүп, таланып-тонолуп кеткендиктен, алар ошол маалыматтагыдай сакталып тургандыгы да өзүнчө маселе. Бирок, бул багыт боюнча иш жүргүзүш керек",-деп эсептээрин билдирди аталган министрликтин өкүлү Ибраев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД