Адвокат: Түлеев Мюнхенге барып, ракка текшертилип келиши керек

Бүгүн, 15-августта, Жогорку сотто Нариман Түлеевдин иши боюнча процесс болууда. Үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда ага Кылмыш кодексинин 303-беренеси,"Коррупция" боюнча күнөө коюлуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган.

Сот процесси жабык болот.

Белгилей кетсек, бул сот баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылсын деген адвокаттардын сунуштамасы менен үчүнчү инстанцияда өтүп жатат.

Анын адвокаты Султан Баратов "ВБ"нын интернет-редакциясына берген маегинде Түлеев үзгүлтүксүз медициналык кароого муктаждыгын, ушул күндөрү Германияга (Мюнхенге) барып, рак же рак эместигин текшертиши зарылдыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД