Жергиликтүү кеңешке шайлоолор 21 шаарда өтөт

Жергиликтүү кеңешке болуучу шайлоолор 21 шаарда 420дан ашык жергиликтүү кеңештерде өтөт. Бул туурасында бүгүн, 15-августта Боршайлоокомдун аппарат жетекчиси Марат Султанов "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Ал шайлоо туурасындагы жарлыкка президент добуш берүүдөн 60 күн мурда кол коюшу керектигин айтты. Султанов азыркы иштеп жаткан жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын полномочиелери 30-ноябрга чейин узартылгандыгын кошумчалады.

Демек, шайлоонун датасын бекитүү 30-сентябрдан кеч болушу мүмкүн эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД