Жогорку сот Нариман Түлеевди кое берүүгө токтом чыгарды

Жогорку сот бүгүн, 15-августта, коррупцияга байланышы бар деп шектелип, УКМКнын тергөө абагында отурган Нариман Түлеевдин адвокаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, депутатты үй камагына чыгаруу сунуштамасын канааттандырды. Бул туурасында "ВБ"га анын адвокаттарынын бири Султан Баратов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Жогорку соттун чечиминин үстүнөн арызданууга болбойт жана бул чечим анын ден соолугуна карата болду.

"Азыр сот токтомун кат жүзүндө даярдап жатат, эки сааттан кийин аны УКМКга алып барып көрсөтөбүз. Андан кийин Түлеевди чыгарышат",-деп кошумчалады жактоочу.

Эске сала кетсек, баштапкы эки инстанцияларда сот депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД