Мэрия Беларусиядан коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алат

Бишкеке коммуналдык жана атайын техникалар жетишпейт, өзгөчө тротуарларды жана кышында карды тазалай тургандар. Бул туурасында Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов бүгүн, 15-августта "Автомаш-Радиатор" (мурдагы "Кыргызавтомаш") ишканасы менен таанышып жүрүп айтты.

Ал жолдордогу аң-чөнөктөрдү ремонт жасатуу үчүн, муниципалитет менчик компаниялар менен тендер түзүүгө туура келип жатканын, а бул ашыкча чыгым экендигин кошумчалады.

Шаар башчысынын айтымында, аталган ишканага баш калаа үчүн техника кароо максаты менен келген. Таанышуу учурунда ага алюминий жана жез, латундан жасалган радиаторлорду, Беларусиянын трактор, комбайн жана атайын техникаларынын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Мэрди өзгөчө, баасы 14 миң доллар "Беларус-320" маркасында трактор кызыктырды.

"Биз ушул техниканы алышыбыз керек экен. Бул ирет Беларусияга барып отурбай, зарыл болгондорду Кыргызстандан сатып алабыз. Азырынча "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсы менен алдын ала макулдашууларды жүргүздүк",-деди мэр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД