Акыркы күндөрү Бишкекте автоунааларды уурдай качкандар көбөйдү

Бишкек шаардык ички ишер башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын транспорттук кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа уурдаган кишини кармашты. Бул туурасында "ВБ"га аталган бөлүмдүн жетекчиси Ахмед Мухамадалиев билдирди.

Анын айтымында, алдыңкы күнү Бишкек шаарынын тургуну эртең мененки саат тогуздар чамасында жумушунун жанына токтотуп койгон "Мазда-Демио" маркасындагы автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Эки саат өтпөй аталган бөлүмдүн милиционерлери айланма жолдон Казакстанды көздөй бараткан аталган автоунааны токтотушкан.

Кылмышка шектүү деп 1993-жылы туулган Таластын тургуну Владимир Люгсерюк кармалган. Ыкчам топтун андан аркы ишинин натыйжасында, колго түшкөн адамдын буга чейин да Чүй областы менен Бишкектин аймагынан автоунаа уурдагандыгы катталгандыгы анык болгон.

А.Мухамедалиевдин айткандарына таянсак, акыркы убактарда автоунаалар көп уурдалууда жана ыкчам маалыматтарга караганда, аларды коңшу мамлекеттерге алып чыгып кетип жатышат. Андыктан, жогорку факты боюнча маалымат алгандан кийин ыкчам топ дароо Казакстан тарапка кетчү айланма жолду көзөмөлгө алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД