Бүгүн Бишкектин жана Сокулуктун кээ бир жерлеринде электр кубаты өчтү

Бүгүн, 16-августта Бишкекте саат 9:30дан кечки 17:00 гө чейин Күрөңкеев, Малышев, Нарвская, Ленская, Ильмен көчөлөрүндө, жана "Арча-Бешик" жаңы конушунда (Бердибаев, Кривоносов көч.) электр кубаты берилбейт. Бул туурасында "Түндүкэлектро" ачык АКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы бул өчүрүүлөр №№471, 456, 1822, 2122 подстанцияларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экендигин билдирди.

Ошондой эле электр жарыгы Сокулук айылында (Киров, Набережная, Москва, Ленинград, Ош, Школьная) жана Романовка айылында ( Фрунзе, Пионер, Озерная) саат 9:30дан кечки 17:00 гө чейин болбойт.

Бул "Ботбаев" подстанциясынын кетүүчү жогорку вольттогу өткөргүчтөрдү алмаштырууга байланыштуу болгон өчүрүүлөрдүн бири.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД