Россия Кыргызстандын 489 млн. доллар мамкарызын кечет

Россия Кыргызстандын 489 млн. долларлык мамлекеттик карызын кечет. Карыздын бир бөлүгү 189 млн. доллар бир учурда жалпы кечирилет, ал эми калган 300 млн. доллар 2016-жылдан тарта кичинеден кыскарып отурат. Бул туурасында бүгүн, 16-февралда Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар жана активдер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков "ВБ"га айтып берди.

2012-жылдын 15-октябрына чейин эки тарап Кыргызстандын мамлекеттик карызынын кечилиши боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимди даярдашат. Макулдашуунун долбоорун жакында Россия жак даярдап, Бишкекке кароого сунуш кылат деп билдирди Сыдыков.

Эске сала кетсек, эки тараптык бул келишим Чолпон-Атада 14-15-августта биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана Россия өкмөтүнүн орун басары Игорь Шуваловдун катышуусундагы кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүндө жетишилген.

КРдин РФге карызы 189 млн. доллар бир учурда толугу менен аталган макулдашуу күчүнө киргенде дароо кечирилет.

2009-жылдын 3-февралында алынган калган 300 млн. доллар, 2016-жылдан тарта жылына 30 млн. доллардан тарта 10 жыл ичинде чекесинен кыскарып отурат.

Россия бул карыздарды эмне максат менен кечип жатканы азырынча белгисиз. "Карыздарды кечүү демилгеси кредитор тараптан болду, шарт боюнча 10 жыл ичинде 30 млн. доллардан кечип отурат",-деди Сыдыков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД