Адвокат: Кечээ түнү Түлеевге карата жаңы кылмыш иши козголгондугун билдиришти

"Бизге Н.Түлеевге карата жаңы кылмыш иши козголгондугун кечээ, 15-августта саат 21:00дөн кийин билдирди",- деп айтты "ВБ"га депутаттын адвокаты Султан Баратов.

Анын айтымында, кылмыш иши козголгондугун түндө билдиришкен, бирок, кайсы берене боюнча экендиги, белгисиз.

"Бүгүн биз Башкы прокуратурадан майда-чүйдөсүнө чейин билишибиз керек",-деди С.Баратов.

"ВБ" мурдараак 15-августта Жогорку Сот Нариман Түлеевдин адвокаттардын сунуштамасын канааттандырып, баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алгандыгын жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД