Түлеевге кылмыш иши таштанды жыйноочу техникалар боюнча козголду

Кечээ, 15-августта, КРдин Башкы прокурору Аида Салянова Бишкектин мурдагы башчысы Нариман Түлеевге, мэриянын жетекчилик кызматындагыларга, муниципалдык "Тазалык" ишканасындагы жана дагы башкаларга карата Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" деген беренеси боюнча иш козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын расмий сайтында билдирилген.

Анда Түлеев жана башка дагы жогорку кызматтагыларга кылмыш иши муниципалдык "Тазалык" ишканасына таштанды жыйноочу автоунааларды сатып алуу боюнча 2008-жылы түзүлгөн келишимдин аткарылышы жана Бишкек шаарындагы Шопоков, 121 көчөсүндөгү бала бакчанын мыйзамсыз сатылышы боюнча козголгондугу айтылат.

15-августта бул кылмыш ишине шектүү делген Бишкектин мурдагы мэри, азыр ЖКнын депутаты Нариман Түлеев кармалган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча комплекстүү түрдө кечиктирилгис ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД