"Ата Мекен" фракция жыйынында апрель окуясындагы талоон боюнча видео көрүүдө

Парламентте кайрадан спецрепортаж түрүндөгү фильмди көрсөтүүдө. Бул ирет "Ата Мекен" кечээ "Республика" фракциясы алардын кээ бир мүчөлөрүн күнөөлөгөн кара пиарга жооп иретинде, анын маанисин ачуу максатында көрсөтүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ "Республика" фракциясы ЖКнын кезексиз жыйынынын алдында ал жердеги журналисттерге буйуртма менен талоончулук кылгандар, "Ата Мекен" партиясынын кээ бир мүчөлөрүнүн буйуртмасы менен экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мүлктөрүн өрттөөгө катышкандар интервью берген тасманы көрсөткөн.

"Ата Мекендин" жооп иретиндеги тасмасы "Республикачылардын" күнөөлөгөнүн төгүндөө жана талоончулуктун уюштуруучусу Абдулла Юсуповду экс-президент Курманбек Бакиев менен кызматташкандыгын ачуу иретинде болууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД