Эркинбек Алымбеков: Учкун Ташбаев кылмыш жообуна тартылышы керек

Бүгүн, 16-августта, "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында депутат Эркинбек Алымбеков Мамлекеттик геология агенттигинин башчысы коррупциялык схемасы үчүн кылмыш жообуна тартылышы керек деп айтты.

Буга чейин анын кесиптеши Райкан Төлөгөнов доклад менен чыгып, аталган агенттиктин башчысы Учкун Ташбаевди "Таскемин" жана "Куран Жайлоо" аймагындагы алтын казуучу жабык түрдөгү "ТК ГеоРесурс" АКсынын лицензиясын мыйзамсыз узартып, мамлекеттин алдындагы милдетин аткарбагандыгы үчүн күнөөлөгөн. Ташбаевге сотторго басым жасагандыгы үчүн да күнөө тагылган.

Төлөгөновдун айтымында, Ташбаев өкмөт башчынын көрсөтмөсү менен Күрмөнтү цемент заводун акиташ чыкчу кенден чыгарууну чечип, жыйынтыгында анын ишин токтотуп, экономикалык чыгым тарттырган.

Докладга таянсак, аталган "агенттиктин алдындагы кесипкөйсүз комиссия мамлекетке тиешелүү бардык кен чыккан жерлерди сатууга камынып жатат".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД