Текебаев: Бабанов депутаттарды сатып алса керек

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 17-августта "ВБ"га өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтогон депутаттардын бир нечеси кайра баш тарткандыгын айтып, кыязы аларды премьер-министр Өмүрбек Бабанов сатып алса керек деп билдирди.

Өздүк үч булак "ВБга" маалымдагандай, ишеним көрсөтпөөдөн баш тарткандардын бири – Ахматбек Келдибеков болгон. "Дагы башка бир нече депутаттын ишеним көрсөтпөөдөн баш тартышы Келдибековдун эмгеги болушу мүмкүн",-дешти "ВБга". Соодаланган суммаларга келсек, булактардын биринин айтымында, сөз 300 миң доллар туурасында болушу мүмкүн.

Эске сала кетсек, депутаттар 21-июндан тарта "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча добуш топтоп баштаган. 29-июнда ЖКнын спикерине эл өкүлдөрүнүн жалпы курамынын үчтөн бир бөлүгүнөн арбын, 45 депутаттын колу коюлган тизме берилгендиги белгилүү болгон. Бирок, июлда депутаттардын бир канчасы добуштарын чакырып алышкан.

"Депутаттарды болушунча көбүн ар кандай жолдор менен сатып алууга аракеттер болуп жаткандыгы боюнча маалыматтар бар",-деп билдирди "Ата Мекендин" лидери.

Ал ата журтчулар Ахматбек Келдибеков менен Нурлан Сулайманов добуштарын кайра чакыртып алгандыгы маалым экендигин айтты. Анын билдиришинче, дагы бир нече депутаттар добуштарын кайра чакыртып алып, башка жаңы документке кол коюшкан. Ал эми сатылбаган депутаттарга башкача ыкма- басым жасалгандыгын белгиледи.

Тактай кетсек, анын айтымында, "Бабановдун көзөмөлүндө болгон" НТС каналы киши өлтүрүүгө, апрель окуяларында талап-тоноого, өрттөөлөргө шектелип жаткандардын тергөө абагындагы жалган көрсөтмөлөрү менен берген басма сөз жыйыны боюнча тасма көрсөттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД