Бабанов Centerra акцияларын сактоо үчүн 103 миң доллар төлөөгө тапшырма берди

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн 23-июлдагы токтомунун негизинде Blake, Cassels&Graydon LLP юридикалык компаниясына канадалык алтын казуучу Centerra Gold Inc компаниясына Кыргызстандын акцияларын өткөрүп берүүдөгү юридикалык иштерин аткаргандыгы үчүн республикалык бюджеттен 103 миң долларды которуу боюнча тапшырма берди. Бул туурасында "Кыргызалтын" ачык АКсынын басма сөз кызматы "ВБ"га билдирди.

2004-2009-жылдары "Кыргызалтын" ачык АКсынын акциялары Centerra компаниясындагы CIBC Melon компаниясынын атайын түзүлгөн депозиттик эсебинде болуп келген.

"Макулдашууга кол коюлгандан кийин жаңы шарттар боюнча бул акциялар "Кыргызалтынга" берилиши керек болучу. Аны өткөрүүнүн юридикалык иштерин Blake, Cassels&Graydon LLP компаниясы жүргүздү. Бирок, 2010-жылдагы апрель, июнь айларындагы окуялар аталган иштин аягына чыгуусуна кедергисин тийгизип, юридикалык жаткан бүтүп калган менен сертификаттарды берүү иштери токтоп калган ",-деп билдиришти компаниядан.

Кыргызстандагы абал жөнгө салынгандан кийин Blake, Cassels&Graydon LLP компаниясынын иши үчүн акы төлөп берүүдө жаңы техникалык маселелер пайда болгондугун "Кыргызалтындан" айтышып, бирок, ал эмне маселелер экендигин так билдиришкен жок.

Андан кийин 2,5 жыл өткөндөн кийин 1-августта болгон маселелер чечилип, "Кыргызалтын" Centerra компаниясынын акцияларына сертификат алды. Учурда "Кыргызалтындын" CIBC Melon жана Blake, Cassels&Graydon LLPкомпанияларынын алдында карызы жок деп билдиришти компаниядан .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД