УКМК мамлекеттик чек арасынан өзбек чек арачысы кармалгандыгын тастыктады

УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү 16-августта Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунун Торук айылында Өзбекстандык аскер адамы кармалгандыгын тастыктады.

Маалыматтарга таянсак, аталган аскер адамы КРдин чек арасына 100 метр ичкери кирип кеткендиктен кармалган.

Алдан ала иш чаралар жасалгандан кийин коюлган тартип боюнча кармалган адам Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

Учурда чек ара өкүлдөрү өзбек аскер адамынын кайтаруудагы мамлекеттик чек араны бузуп кирип кеткендигин иликтеп, анын себебин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат, деп билдирилген аталган ведомствонун маалыматында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД