Муратбеков: Губернаторлук менен атайын өкүлдүн айырмасы өтө чоң деле эмес

"Губернаторлук менен атайын өкүлдүктүн арасынан өтө чоң айырмачылыкты көрбөй элемин",- деген пикирин "ВБ"га бүгүн, 17-августта Нарын областы боюнча өкмөттүн жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, болгон айырма мурда губернатор кадр боюнча суроолорду чечип, акимдер менен орун басарларын дайындаса, азыр акимдер шайланып, орун басарлары премьер-министрдин көрсөтмөсү менен дайындалып калды.

"Андыктан, айырма деле жок. Алдыда түшүм жыйноо, жаңы окуу жылы менен кышка даярдык – иш көп",-деди К.Муратбеков.

Эске сала кетсек, мурдагы губернаторлор, эми өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп калды.

Мирбек Асанакунов, Ысык-Көл областынын башчысы;

Койсун Курманалиева, Талас областынын башчысы;

Канатбек Муратбеков, Нарынобластынын башчысы;

Сооронбай Жээнбеков, Ош областынын башчысы;

Жеңиш Разаков, Баткен областынын башчысы кайра дайындалып, аталган областтардагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп калышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД