Садыркуловдорго кесилген манжа менен кулак калтырган милиционер камактан чыгат

Киши колдуу болгон президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун үйүнө кесилген манжа менен кулак таштап кеткен Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүнү мурдагы ыкчам тергөөчүсү Тынычбек Маматовго карата кылмыш иши судья Марлен Тентимишов тарабынан токтотулду.

"ВБ" буга чейин Медета Садыркулов, Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубат Сулаймановдун өлүмү боюнча азыр абакта отурган, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы ыкчам тергөөчүсү Тынычбека Маматовго карата кылмыш ишин токтотуп, аны бошотуу боюнча сунуштама берилгендигин жазган.

Бүгүн, 17-августта сот процесси улантылды. Сотко төрагалык кылган Марлен Тентимишов адвокат Антон Такырбашевдин сунуштамасында айтылган иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча карады.

Сот тараптардын пикирлерин угуп, кылмыш ишин токтотууну жана аны КРдин мыйзамдарына ылайык 10 күн ичинде абактан бошотууга токтом кылды.

"ВБ" буга чейин сот Жаныш Бакиевдин жан сакчысын камактан бошоткондугун, андан сырткары сотко төрагалык кылган судья мамлекеттик күзөттүн экс-жетекчиси Ж.Бакиевдин үч катар өлүм боюнча өтүп жаткан айдоочусун камактан бошоткон.

Ошондой эле Чек ара кызматынын ошол кездеги жетекчиси Замир Молдошевдин адвокаты Кантемир Турдалиевди кийинки сот процессин 29-августка жылдырууга сунуштама кылды. Анын себеби, адвокаттын эмгек өргүүсү болду.

Тараптардын пикирин уккан судья Тентимишов сунуштаманы жеринде канааттандырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД