Каттоо кызматынын жаңы жетекчиси эмгек жамаатына түштөн кийин тааныштырылмак

Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун маалымат катчысы Султан Каназаров Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчиси Эмил Алиевдин отставкага кеткендигин "ВБ"нын интернет-редакциясына мурдараак эле тастыктаган. Ал эми жаңы жетекчи болуп социалдык коргоо боюнча экс-министр Айгүл Рыскулова дайындалганын бекемдеген.

"Түштүн кийин өкмөттүн аппаратынын жеекчисинин орун басары Бөрүбек Ашыров аны эмгек жамаатына таанышытырат",-деп маалымдаган Каназаров.

Отставканын расмий себеби боюнча өкмөт башчысынын маалымат катчысы бош эместигин шылтоолоп так жооп бере албады, анын ордуна редакцияга алардын билимине карап материал жазуу боюнча кеңештери менен сунуштарын берүүгө аракеттенди.

"ВБ"нын каттоо кызматындагы өздүк булактарынын маалыматына караганда, Рыскулова эмгек жамаатына саат 14:00дө тааныштырылмак болчу. Ал эми ММКнын экс-жетекчиси Эмил Алиев кол алдындагыларды чакырып, бир катар документтерге кол коюу менен алектенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД