Кыргызстандыктар үчүн "Мигранттын маалымат китепчеси" 5000 нускада чыгат

Бишкектеги Россиялык маданият жана илим борборунда "Замандаш" ассоциациясы менен "Российская газета" басылмасы келишимге кол койду. Алар биргелешип "Мигранттын маалымат китепчесин" чыгармакчы.

Китепчеде Россияга иштеп акча табууга кетип жаткан эмгек мигранттары үчүн маанилүү делген маалыматтар камтылат. Ыңгайына карап, китепче – кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылмакчы. Эгерде укугу бузулуп баратса, кайда кайрыларын билиш үчүн "Замандаш" ассоциациясынын ячейкаларынын даректери жазылган.

Азырынча маалыматтык китепчени 5000 нускада чыгарууну пландашууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД