Кесиптештерин атып салган чек арачы колго түшүп жатканда атып өлтүрүлдү

Караколдо чогуу кызмат кылган 5 кесиптешин кечээ атып салган чек арачы колго түшүп жатканда атып өлтүрүлдү. Бул туурасында "ВБга" УКМКнын Чек ара кызматындагы өздүк булактар билдирди.

Качып кеткен чек арачы Кулбарат уулу Балбайды кармап жатканда атышуу болуп кетип, жыйынтыгында окко учту.

Эске сала кетсек, Караколдогу "Эчкили-Таш" чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан аскер ошол жердеги 5 кишини атып өлтүргөндүгүн "ВБга" УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкен. Андан мурдагы чек арачылар арасындагы телефонограммада 7 киши өлтүрүлдү деген билдирүү болгон.

Булактардын билдиргенине караганда, чек арачыларды атып салган жоокер чек ара бекетинен качып кеткен.

Атышууда окко учкан Кулбарат уулу Балбай 1993-жылы туулган, 2011-жылы аскер кызматына күздө чакырылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД