Кесиптештери: Аткан чек арачынын психикалык жактан көйгөйү бар болчу

Караколдогу "Эчкили-Таш" чек ара бекетиндеги кандуу окуя күндүз эмес, күзөт учурунда түндө болгон дешти чек ара ведомствосунан. Бул туурасында "ВБ"га УКМКнын Чек ара кызматынан өздүк булактар билдирди.

Чек арачылардын айтымында, кесиптештерин атып өлтүргөн Кулбарат уулу Балбай Калашников автоматы менен күзөөттө турган. Бул учурда көптөн бери ыркы келишпей жүргөндөр жолугушуп калышкан деп билдиришти.

Андан сырткары, берки кесиптештери Кулбарат уулу Балбай психикалык жаткан көйгөйү бар экендигин, токтона албай, ачуусу тез келип, жинин башка чек арачылардан чыгарып жибергенин, андан абайлап турушкандыгын айтышкан. Күз мезгилинде психикалык оорусу козголуп кетээрин ал кызматташтарына айткан деген маалыматтар бар. Чогуу кызмат өтөгөндөрдүн айтымында, куралдуу күчтөргө адам жетпегендиктен, Аскер комиссариаты аскерге чакырганда анын оорусуна көз жумду мамиле кылып коюшкан.

"ВБ" мурдараак билдиргендей, кечээ 20-августта чек арачы жоокер Караколдогу чек ара бекетинде кошо кызат кылган дагы беш жоокерди атып өлтүрүп, аны кармоо операция учурунда окко учкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД