Бишкек шаардык кеңешине болуучу шайлоо ноябрга жылдырылышы мүмкүн

Бишкек шаардык кеңешине болуучу шайлоо күтүлүп жаткан октябрдан жылып кетиши мүмкүн. Бул туурасындагы Бишкек шаарды кеңешинин маалымат-катчысы Сырга Алымова "ВБ"га бул боюнча президенттин шайлоо датасы боюнча Жарлыгы августтун башында күтүлгөндүгүн айтты.

Шайлоолор боюнча мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгү боюнча шаардык кеңешке шайлоо Жарлыкка кол коюлгандан кийин 60 күндө өтүшү керек эле. "Эгерде Жарлыкка азыр кол коюлса, шайлоо октябрдын соңунда же ноябрда болуп калат",-деди маалымат катчы.

БШКнын төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулованын айтымында, азыркы депутаттардын полномочиеси президенттин жарлыгы менен ноябрдын 30уна чейин узартылган. "30-сентябрга чейин Бишкек шаардык кеңешине болуучу шайлоонун мөөнөтү анык болот",-деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейинки Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 2008-жылдын 5-октябрында өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД