Мамгеология агенттиги: Куру-Тегерек кени Максим Бакиевге тиешелүү болгон

Куру-Тегерек кениндеги "Фонта" компаниясы КРдин экс-өкмөт башчысы Николай Танаевге жана Максим Бакиевдин жакындарына караштуу болгон. Бул туурасында бүгүн, 21-августта Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басмы сөз кызматы билдирди.

Ведомство интернет-макалалардагы Куру-Теректи иштетүү боюнча лицензияны "Фонта" компаниясына соттук териштирүүлөргө жеткирбей эле кайра берип койгондугу туурасындагы маалыматты четке какты.

Басма сөз кызматы алтын аралашкан кумдуу бул Куру-Тегерек кенине лицензияны "Фонта" ЖЧКсы 1998-жылдын 15-августунда 2004-жылдын 31-декабрына чейин алганын билдирди. Кийин лицензия улам узартылып турган. Акыркы жолу 2008-жылдын 14-ноябрдында 2018-жылга чейин узартылган.

Жаратылыш ресурстары боюнча министрликтин (азыркы Мамгеологоагенттиги) кендерди лицензиялоо комиссиясынын чечими менен 2011-жылдын 4-августунда "Фирма "Фонта" ЖЧКсынан Куру-Теректи көрсөтүлгөн көлөмдө иштете албагандыгы үчүн мурда белгиленген шарттардын негизинде лицензиясы жокко чыгарылган.

Бирок, Бишкектин райондор аралык сотунун 2011-жылдын 14-августундагы чечими менен компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу туура эмес деп табылган. 2011-жылдын 15-ноябрына чейин Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен жогорку чечим өзгөрүүсүз калтырылган.

Соттук актыларга ылайык, комиссиянын макулдашууларда каралган көлөмдө өндүрө албагындыгы үчүн лизенциядан ажыраткан чечимин жокко чыгаруунун себеби, Куру-Теректин аймагында арча өсүмдүктөрүн кыюуга мыйзам тарабынан тыюу салынышы болгон.

"Буга байланыштуу Госгеологоагентство "Фирма "Фонта" ЖЧКсынын лицензиясын кайра калыбына келтирүүгө аргасыз болгон",-деп билдиришти аталган ведомствонун басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД