Адвокаттар Нариман Түлеевди СИЗОго кармоо чечимине даттанышууда

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин коргоочулары судья Абдыразак Боромбаев төрагалык кылган Биринчи май райондук сотунун Түлеевди УКМКнын тергөө абагына камоо чечимине макул эмес болуп, даттанышуда. Бул туурасында "ВБ"га анын адвокаттарынын бири Султан Баратов билдирди.

Буга чейин "ВБ" 15-октябрга чейин депутат УКМКнын тергөө абагында кала тургандыгын маалымдаган эле.

Анын айтымында бүгүн, 21-августта адвокаттар райондук соттун өкүмүн кайра карап чыгуу боюнча даттанууну райондук сотко даярдап жатышкандыгын, ал Жогорку сотко дагы берилерин маалымдашкан.

Ал Түлеевдин кармалышы, "узакка созулган иликтөө иштери жана ишти создуктуруу" Бишкекте болуучу шаардык кеңештин шайлоосуна Түлеевдин партиясынын катышуу ниетине байланыштуу деп кошумчалады.

"Эгер шаардык кеңештин шайлоосунан кийин камактан бошоп калса, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылар, кайрылбасын Нариман Ташполотович өзү чечет. Биз болгону мыйзамдын алкагында гана колдоп беребиз",-деп билдирди Баратов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД