"Ар-Намыс" фракциясы коалициядан чыгат

"Ар-Намыс" фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында 21-августта депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, бул чечим министрлер кабинетинин жетекчиси катары Өмүрбек Бабанов өзүнүн жана өкмөттүн кадыр-баркын кетиришине байланыштуу кабыл алынды.

"Ата Мекен"фракциясынын да коалициядан чыгышына байланыштуу, мыйзам боюнча парламенттик көпчүлүк өзүнүн иштешин токтотот",-деп билдирди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД