"Ата Мекен" фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алды

"Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 21-августта коалициядан чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында "ВБ"га депутат Асия Сасыкбаева билдирди.

Анын айтымында, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилеси көтөрүлгөндөн кийинки окуялар жана премьер-министр Өмүрбек Бабановдун мыйзам бузуулары аныкталгандан кийин кабыл алынды.

"Коалиция коалициялык өкмөттү тандап жаткнада жаңылышты, андыктан "Ата Мекен" көпчүлүктү түзгөн коалициядан чыгууну өзүнүн милдети деп эсептейт",-деп билдирди Сасыкбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД